Кышкы олимпиадага Кыргызстандан 2 спортчу катышат

2026-жылы Италияда өтө турган XXV Кышкы Олимпиада оюндарында Кыргызстан атынан эки спортчу катышат.

Улуттук курама команданын курамына:

  • Тимур Шакиров — тоо лыжасы (машыктыруучусу: Игорь Борисов),
  • Артур Сапарбеков — лыжа жарышы (машыктыруучусу: Александр Левданский) кирди.

Лыжа жарыштары Италиянын Валь-ди-Фьемме шаарында өтөт. Артур Сапарбеков классикалык стилдеги спринтке, 10 км эркин стилдеги жарышка катышат.

Тимур Шакиров гиганттык слалом жана слалом боюнча күч сынашат. Мелдештер Бормио тоо-лыжа курортунда өтөт.

Кышкы Олимпиада — 6–22-февраль,
Кышкы Паралимпиада — 6–15-март күндөрү өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *