12 жылдык билим берүүгө өтүүдө 5 баллдык система сакталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Ведомстводон билдиришкендей, министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган «Алтын казык» мектеп билим берүү системасын трансформациялоо программасында 5 баллдык баалоо системасы бар.
«Бул программада 10 баллдык система жок. Министрлик Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында жарыяланган маалымат айрым эксперттердин жеке пикири экенин Билим берүү жана илим министрлигинин расмий позициясын чагылдырбасын баса белгилейт», — деп айтат маалыматта
