Ош шаарында төрт эм төрөлдү

2026-жылдын 12-март күнү Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында кесарево жолу менен төрт эм төрөлдү.

Ош облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагынын 26 жаштагы тургуну кош бойлуулуктун 32-жумасында эрте төрөт коркунучу менен келип түшкөн. Бул анын биринчи төрөтү. Наристелердин салмагы: кыз — 1830 г, уул — 1815 г, кыз — 1520 г, кыз — 1500 г.

Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директору Атабек Жумалиевдин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө эненин да, ымыркайлардын да абалы канааттандыраарлык. 23-март күнү үйүнө чыгаруу пландалууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *