Бишкекте коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүүгө багытталган материалдарды таратуу фактылары аныкталганын Ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
«2026-жылдын 27-январында социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда»meder.tagaibekovich» аттуу колдонуучунун Instagram баракчасынан кыргыз бийлигин каралоого жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган билдирүүлөр табылган.
Бул билдирүүлөрдүн тегерегиндеги талкууларда социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары социалдык кырдаалдын туруксуздашуусуна жана массалык баш аламандыкка алып келиши мүмкүн болгон чакырыктарды жана билдирүүлөрдү камтыган комментарийлерди жазышкан. Тактап айтканда, посттордо жеке менчик автомектептердин жабылышына байланыштуу маселелер каралган»
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

