Кыргызстан менен Тажикстандын 10,76 чакырым тилкеси макулдашылды

Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын дагы 10,76 чакырым тилкесин макулдашты. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн топографиялык жана жумушчу топторунун жолугушуусу коңшу өлкөнүн Бустон шаарында 12-17-март күндөрү Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жетекчилиги астында өткөн.

Тараптар чек араны тактоо иштерин улантууда, кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында болот. Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырым. Өткөн жылдын августундагы маалымат боюнча чек аранын тактала элек бөлүгү 290 чакырым болчу. Андан бери макулдашылган тилкелер 200 чакырымдан ашып калды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *