Кыргыз санжырасы тууралуу музейлерди түзүү мыйзам долбоору сунушталды. Демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов көтөрүп, коомдук талкууга койду.

Анын айтымында, өлкөдө мындай музейлерди түзүү мыйзам менен жөнгө салынган эмес. Андыктан санжыра боюнча материалдарды жана документтерди чогултууга, изилдөөгө, сактоого, көргөзмөгө коюуга жана жайылтууга расмий тоскоолдуктар жаралат.

Санжыраны сактоо жана өнүктүрүү илимий ыкмаларды кеңири колдонууну талап кылары белгиленди. Санжыра музейлерине муундардын сүрөттөрү жана санжыра китептери сыяктуу материалдар коюлат. Автор бул тарыхый муундардын уланышына чоң салым кошот деп эсептейт.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *