Бишкек шаарынын мэриясы 10-апрелден тарта каттамдардан кичиавтобустарды чыгаруу менен калаанын борбордук бөлүгүн бошотууну пландап жатканын кабарлады. Маалыматка караганда, Ахунбаев көчөсү — 7 — апрель көчөсү– Чүй проспектиси-Манас проспектиси менен чектелген алкактан кичи автобустар чыгарылып, анын ордуна автобустар каттамга чыгат.

Шаар бийлиги жакында бардык кичиавтобустар автобустарга алмаштырыларын билдирди. Ал эми кичиавтобустардын айдоочулары окутуудан өтүп, муниципалдык автобустун айдоочусу болуп ишке орношсо болот.

Бүгүнкү күндө автобус айдоочусунун айлык акысы 98 миң сомго чейин жетери айтылды. Эске салсак, автобустардын сыйымдуулугу – 76 адам, маршруткалардыкы – 12-18 адам. Автобустардын сыйымдуулугу 4 эсе көп болууда.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *