Буга чейин мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев дагы ушундай системаны демилгелеген. Ал мунун максаты мектептерди эл аралык стандартка ылайыкташтыруу, чет өлкөгө окуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү деп түшүндүргөн. Анда даярдоо классы (0-класс) жоюлуп, балдар алты жаштан дароо эле 1-класста окуй башташат. Бул сунуш социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн.
Эске салсак, Кыргызстанда эки миңден ашуун мамлекеттик мектеп бар, аларда бир миллиондой окуучу билим алат.

