Садыр Жапаров Россия Президентинин Эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл 2028-жылы белгилене турган эки ири мааракеге бурулду: Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгы Лев Толстойдун 200 жылдыгы Михаил Швыдкой бул эки дата кыргыз жана орус элдерин бириктирген өзгөчө маданий окуя экенин белгилеп, мааракелерди биргелешип өткөрүүнү сунуштады.
Бул үчүн эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери жетектеген атайын уюштуруу комитетин түзүү демилгеси көтөрүлдү.Президент Садыр Жапаров Айтматовдун мурасы эки элдин ортосундагы руханий көпүрө экенин баса белгилеп, маданий кызматташтык мындан ары да чыңдала берерине ишеним билдирди.

