«Социалдык контракт» программасына катышкандардын дээрлик 30% га жакыны айына 40 миң сомго чейин айлык ала башташты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Буга чейин аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет менен социалдык контракт түзүшкөн.
«Социалдык контракт» программасы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдан тартып ишке ашырылууда жана муктаж үй-бүлөлөргө мамлекеттин колдоосу менен жеке бизнесин ачууга мүмкүндүк берет.


2022-жылдын жай айынан баштап программага дээрлик 13 миңге жакын үй-бүлө катышып, алар республикалык бюджеттен 100 миң сомдон алышкан.


Жалпы берилген сумма-дээрлик 1,3 млрд сомду түзөт.


«Социалдык контракт» программасынын катышуучуларынын аракети менен кошумча 18 миң жумуш оруну түзүлүп, 70 миңден ашуун адамдын жашоосу жакшырууда.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *