Кыргызстандын мектептерин окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн 17 млн китеп керек. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер кеминде 129 аталыштагы окуу китеби, окутуу өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде кеминде 147 аталыштагы окуу китеби менен камсыз кылуу зарыл.
кыргыз тилинде окуган класстар үчүн – 9 млн 625 миң 380 нуска;
орус тилинде окутулган класстар үчүн – 6 млн 716 миң 400;
өзбек тилинде окутулган класстар үчүн – 852 миң 748;
тажик тилинде окутулган класстар үчүн – 41 миң 938 китеп жетишсиз.
