Чүй облусунда «Тез жардам» кызматынын унаасына жол бербей, тоскоолдук жараткан айдоочуга айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Toyota Prius унаасын башкарган 46 жаштагы О.Н. аттуу айдоочуга 1000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынды. Ошондой эле ага жол эрежесин бузбоо үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

