Техника илимдеринин доктору Илгиз Айтматов 27-августта 93 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу академиктин жакындары билдирди. Илгиз Айтматов — тоо кен геомеханикасы боюнча адис, 1990-1993-жылдары Улуттук илимдер академиясына президент болгон. Анын илимий эмгектери негизинен кендерди коопсуз жана натыйжалуу иштетүү, чоң гидротехникалык курулуштарды куруу, айлана-чөйрөнү коргоо, тоолуу аймактардагы табигый жана техногендик кыйроолорго арналган. 260тан ашык илимий эмгектин, 15 ойлоп табуунун автору. Тоолуу аймактарда чыңалуунун калдыгынын секирик түрүндө бошонуусу жөнүндө илимий ачылыш жасаган. 2003-жылы III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган. Илгиз Айтматов 2008-жылы каза тапкан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган иниси.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *