Бишкектеги тик учак кырсыгынан каза болгон аскер кызматкеринин туугандарына жана жакындарына ар тараптуу жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Мекемеден билдиришкендей, учурда ооруканада жабыркап жаткан аскерлер керектүү дары-дармектер менен камсыздалууда.
Эске сала кетсек, 17-январда КР Куралдуу Күчтөрүнөн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23 565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кулаган.
Кырсыктан 11 адам жабыркап, алардын ичинен бир аскер кызматкери каза болгон. Жабыркаган 10 адам Бишкектеги ооруканаларга жеткирилген.
Кырсык боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ага байланыштуу Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн айрым кызмат адамдары убактылуу иштен бошотулду.

