Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата Ош облусунун Алай районунда майрамдык иш чара өткөрүлдү. Иш чара «Примов» кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулуп ага Жогоркү Кеңештин депутаты Улан Примов, Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты.

Майрамдык салатанатка Алай районунун аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген 100 бала чакырылып, алар үчүн концерттик программа тартууланды. Ошондой эле балдар үчүн “Примов” фонду тарабынан даярдалган таттуу белектерди Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов тапшырды.

Депутат өз сөзүндө “ коомубуздун аярлуу катмарындагы балдар эч качан көңүл сыртында калбастыгын, аларды бул күнү эле эмес ар бир даталуу күндөрдө эстеп, маанайын көтөрүп туруу ар бирибиздин инсандык милдеттерибиздин бири”- деди.

Майрамдык салтанаттын экинчи бөлүгү Гүлчө айылындагы ресторандардын биринде уланып, 18 жаштан жогорку мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн сый  тамак уюштурулду. Жалпысынан 300дөн ашык Алай районундагы аярлуу катмардын өкүлдөрү чакырылып «Примов» кайрымдуулук фонду тарабынан сый дастаркон жайылды.

Иш чараны Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов ачып берип, чакырылгандарга куттуктоо сөзүн айтты. Өз сөзүндө бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз үчүн өкмөт тарабынан берилчү жөлк пулдарды көбөйтүү маселелери каралып жатканын айтты. Андан сырткары алар үчүн турмуш тиричилике керектүү буюмдар, басуу мүмкүнчүлүгү жоктор үчүн атайын арабалар «Примов» фонду тарабынан белеке берилди.

Иш чара эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерттик программа менен коштолуп, майрам ээлеринин маанайы көтөрүлдү. Келген коноктор Жогорку кеңештин депутаты Улан Примовко рахмат айтып, ыраазычылыктарын билдиришти.


Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *