Ош облусундагы Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайку эл аралык жолунун курулушуна респбликалык бюджеттин эсебинен акча каражаты бөлүнүп, 12,2 чакырымына асфальт төшөө пландалган. Учурда аталган жолдун 8,5 чакырымын асфальтто иштери аяктады. Аталган жолдун абалы менен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Улан Примов, Сүйүн Өмүрзаков, Нуржигит Кадырбеков, Азамат Исраилов, Эмил Токтошевдер таанышышты.
Ошондой эле транспорт жана жолдор министринин орун басарыда депутаттар менен чогуу барып, алардын суроолоруна жооп беришти. Төрага Шакиев жана депутаттар жолдун сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилешти. Жыл сайын аз-аздан акча бөлүп эмес, керектүү сумманы толук бөлүп, жолду толук асфалтоо керектигин айтышты.
Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайку жолун толук оңдоп түзөө жана жолдун кооптуу аймактарын калыбына келтирүү боюнча тиешелүү министрликтердин орун басарларына тапшырмалар берилди. Аны менен бирге Жогорку Кеңештин төрагасы жана депутаттар жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп беришти.