Кыргызстанда 2026-жылдын январь айындагы орточо айлык маяна боюнча эң жогорку көрсөткүч кен казуу тармагында катталды — 86 миң 971 сом.
Андан кийинки орундарда каржы тармагы — 83 миң 277 сом, маалымат жана байланыш тармагы — 80 миң 277 сом.
Эң төмөнкү айлык маданият тармагында болуп, ал 27 миң 326 сомду түздү. Билим берүүдө орточо маяна 27 миң 352 сом, саламаттык сактоо жана социалдык кызматтарда 30 миң 509 сом болгон.
Мындан тышкары, өнөр жайда орточо айлык 68 миң 101 сом, транспортто 58 миң 657 сом, курулушта 57 миң 472 сом, соодада 55 миң 188 сом деп көрсөтүлгөн.


