Экономика жана коммерция министрлиги салык карыздарын өндүрүү тартибине өзгөртүү киргизүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Долбоорго ылайык, талашсыз же сот аркылуу тастыкталган салык карыздары жарандардын банк эсептеринен автоматтык түрдө кармалышы мүмкүн.
Эгер эскертүүдөн кийин 30 күн ичинде карыз төлөнбөсө, Салык кызматы банктарга жана төлөм системаларына түз талап жөнөтө алат.
Каржы уюмдары каражаттарды биринчи кезекте карызды жабууга багыттоого милдеттүү болот. Талап аткарылбаса, жоопкерчилик каралат.
Жаңычылдык бардык салык төлөөчүлөр үчүн бирдей шарт түзүүгө жана мыйзам талаптарына шайкеш келтирүүгө багытталган.
Мындай механизм буга чейин компаниялар жана жеке ишкерлер үчүн колдонулуп келген, эми жарандарга да жайылтылышы сунушталууда.
Долбоор коомдук талкууда — жарандар жана эксперттер сунуштарын бере алышат.

