Кыргыз музыка дүйнөсүнө обондору, ырлары менен белгилүү болгон улуу талант Рыспай Абдыкадыров бүгүн көзү тирүү болгондо 83 жашка чыкмак. Ал 1941-жылы 12-январда Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Абдыкадыровдун бейнеси, чыгармалары тууралуу “Ош Пирим” сайты бир топ фактыларга токтолот.


• Р. Абдыкадыровдун көзү өткөндөн 8 күндөн кийин 1994-жылы 20-сентябрында “Эл агартуунун отличниги” наамы ыйгарылган.
Ошол эле жылдын ноябрь айында Кара-Кулжа музыкалык окуу жайы композитордун ысымын алган. Ал эми 1997-жылы январь айында Ош филармониясынын алдында Р. Абдыкадыровдун эстелиги ачылган. Анын атындагы коомдук фонд да түзүлгөн.


• 300 дөн ашык обон жараткан, музыка дүйнөсүнө бүгүнкү күнгө чейин сүйүп, аздектеп келген керемет чыгармаларды тартуулады. Эмгегинин басымдуу бөлүгү махабат темасында.


•Ал бүт жан-дили менен чыгармачылыкка берилип, үйдө тамак-аш бар-жокпу деп ойлонбогон адам болгонун кыздары эскеришет. Анын обондорунун жаралганына канча жыл өтсө да, актуалдуулугун жоготпой, кыргыз классикасына айланды.


•Композитор партиялык бийликти, колхоз-совхоздорду мактаган бир да чыгармасы жок. Материалдык байлыкка кызыккан эмес, кошоматтанып ырдап, акча тапкандардан алыс болгон.


•Коңшу Казакстан менен Өзбекстанда анын эмгегин, талантын баалап ар кандай иш-чараларга чакырып турушкан.


•Рыспай Абдыкадыровдун балалыгы согуштан кийинки мезгилде өткөн. Ал апасы менен чоңойгон. Атасы репрессиясынын курмандыгы болуп, композитор атасыз өскөн.


• Абдыкадыровдун уулу болгон эмес, үч никеден төрт кызы гана бар.


• Абдыкадыров өмүрүндө бир гана ырдын сөзүн жазган. Ошондой эле бош убактысын сүрөт тартуу менен да өткөргөн.


• Обончу көзү тирүүсүндө элге таанылып, 1988-жылы Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти наамын алган. Андан соң анын “Ырларым менин тагдырым” аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн.


•Анын «Алмашым», «Түгөйүм», «Сагынуу», «Издейм сени», «Алтынчы күнү кечинде», «Ботокөз», «Сагындым туулган жер сени» сыяктуу көптөгөн обондору ушул күндө да ырчы-аткаруучулардын репертуарынан түшпөй келет.


Рыспай Абдыкадыров 1994-жылы 12-сентябрда 53 жашында узакка созулган оорудан каза болгон. Сөөгү Оштогу Сулайман-Тоонун бооруна коюлган.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *