Кыргызстанда январь айынын башынан тарта мыйзам бузуу менен курулган коммерциялык объекттерди аныктоо боюнча комиссия иштеп жатат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинини директору Нурдан Орунтаев билдиргендигин “Кабар” улуттук маалымат агенттиги жазып чыкты.
Анын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгында комиссия бузула турган объекттердин, анын ичинде ири объекттердин тизмесин сунуштайт.
“Белгилүү талаптар бар, алар аткарылбаса, биз имараттарды бузууга аргасыз болобуз. Комиссиянын ишинин жыйынтыгын күтүшүбүз керек. Документтер колубузга тийгенден кийин гана чечим кабыл ала баштайбыз”, — деди Мамкурулуштун башчысы.

