Таттууларга ашыкча берилүү организмге зыян келтирет. Бул көптөгөн изилдөөлөр менен тастыкталган. Бирок, таттуулардан таптакыр баш тартууга болбойт, жөн гана зыяны азыраагын тандоо талапка ылайык.

Шириндиктин курамы канчалык татаал болсо, ошончолук зыяндуу. Көптөгөн ингредиенттерден турган татаал десертке караганда таттуу тамак, бал жакшыраак.


Эксперттер «зыяндуулугу» боюнча биринчи орунга куурулган тамактарды, мисалы:пончик, чак-чакты атады. Бул кулинардык азыктар транс майлары менен көп сандагы жөнөкөй кантты бириктирет.


Экинчи орунда камырдан жасалган ачыткы десерттери болуп саналат.


Үчүнчүдөн — шоколад батончиктери, көп кремдүү торттор.

Эгер шириндиктерди жакшы көрсөзүң анда ачуу шоколаддарды жана бал таттууларын жегениңиз оң болот.


Буга чейин канадалык окумуштуулар изилдөө жүргүзүп, кантты керектөө ичеги-карын жолдорунун сезгенүү ооруларына алып келээрин аныкташкан.

Которгон: Алтынай Гапарова

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *