Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыз-келиндерди зордук-зомбулукка кабылса УКМКга кайрылууга чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн фейзбук баракчасында жазып чыкты.


Ал кайрылууну Кадамжайда күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин окуясына байланыштуу жасады.


УКМК башчысы жаш келиндин тагдыры өтө аянычтуу болгондугун айтып, жалпы кыргызстандык кыз-келиндерге кайрылды.
«Урматтуу кыз-келиндер!
Эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса, тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кеңселерине кайрылыңыздар!
Энелерди, аялдарды,кыз-келиндерди сактап, коргоп жана жардам берүүгө биз милдеттүүбүз
!», — деди ал.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *