Милиция кызматкерлери Чүй облусунун жаш тургунунун кыялын орундатышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине билдиришти.
Анда 6 жаштагы Темирлан аттуу бала милициянын «102» кызматына телефон чалып, өзүнүн туулган күнүнө карата жашыл түстөгү оюнчук трактор жана милициянын унаасына түшүрүүнү суранган.
Милиция жеткинчектин каалоосун аткарып, ал сураган белекти алып, милициянын унаасына түшүргөн.
“Милиция кызматкерлери Темирланга белек сатып алып, баланын дарегине барышты. Тартип сакчылары жаш тургунга салтанаттуу түрдө белек тапшырып, милициянын унаасы менен сейилдөөгө алып барышты. Темирлан жана анын апасына күтүүсүз болуп, абдан сүйүнүп турушту”, — деп билдиришти министрликтен.

