Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстан боюнча 36 ири жана 5 кичи Калкты тейлөө борбору иштеп жаткандыгын эскертти. Бишкек жана Ош шаарларында Early One тиркемеси аркылуу онлайн кезекке жазылса болот. Ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында жана “Түндүк” тиркемесинде 150дөн ашык кызматтарды түз телефондан ала аласыз.
Ведомство Калкты тейлөө борборуна келүүдөн мурун 119 Call-борборунан кеп-кеңеш алууну сунуштайт.