1-январга караган түнү өлкө боюнча 276 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.


Анын ичинен эки эгиз бала Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында төрөлдү.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бир суткада 2023-жылдын 31-декабрынын саат 8:00дөн 2024-жылдын 1-январынын саат 8:00гө чейин 143 уул жана 133 кыз төрөлгөн.


Бишкек шаарындагы 2 – төрөт үйүндө биринчи болуп төрөлгөндөр (00:00) – 3,520 кг салмактагы кыз, бою 49 см;
Кызыл-Кыя жалпы дарыгерлик практика борборунда – 4,050 кг салмактагы кыз, бою – 59 см;
Чүй районунун Кемин ЖДПБДА – 3,015 кг салмактагы эркек бала, бою – 51 см;
Жалал-Абад бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө – 3,650 кг салмактагы кыз, бою – 52 см.


Эң көп төрөт Ош шаарында жана Ош облусунда болгон – 88 төрөт, Жалал – Абад облусунда 57 ымыркай жарык дүйнөгө келген, Бишкекте 52 ымыркай төрөлгөн.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *