Депутат Улан Примов президенттен ипотекалык батирлердин курулушу тууралуу сурады

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 11-марттагы жыйынында өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, мамлекеттик программаларды ишке ашырууга жана мамлекеттик саясаттын актуалдуу багыттарына байланыштуу депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Депутат Улан Примов өлкө эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы жолу мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин жыйынына келип, депутаттардын суроолоруна ачык жооп берип жатканын айтып, мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак-жайларын аймактарда да куруу зарылдыгына көңүл бурду.

Өз кезегинде өлкө башчысы Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тууралуу маалымат берди.Анын айтымында, мурда компания батирлерди 14% менен ипотекага берсе, азыр шарттар өзгөрүп, 4% менен 25 жылга чейин берилүүдө.

Президенттин маалыматы боюнча:2026-жылы 20 миңге жакын үй-бүлө жаңы батирдин ачкычын алат. Аймактарда турак жайлар активдүү курулуп жатат.

Батирлердин баасы:аймактарда — болжол менен $750 / м²Чүй облусу — $700 / м²МИК бул баага дагы $200–300 кошуп, батирлерди сатат. Президент белгилегендей, эгер батирлерди өздүк наркы менен гана берүү болсо, анда компания туруктуу иштей албай, бюджеттен дайыма акча талап кылынмак.

Учурда МИКтин уставдык капиталы $2 миллиардга жакындады.

Мамлекет башчысынын айтымында, Бишкек жана Чүй облусундагы курулуштар аяктагандан кийин, ипотекалык үйлөр өлкөнүн бардык район борборлоруна чейин жетет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *