1-апрелден тартып мугалимдердин эмгек акысы 100% жогорулайт

«STEM предметтеринин мугалимдеринин айлык акылары гана жогорулап, тарых, кыргыз тили жана география мугалимдериники жогорулатылбайт», деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Ошондой эле министрлик бул предметтер боюнча сааттардын кыскарышы тууралуу маалымыттарды четке какты.
2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы 100% жогорулайт.

«Өлкө башчысынын бул чечими мугалимдердин статусун жогорулатууга жана өлкөнүн өнүгүшүндө педагогдордун негизги ролун таанууга багытталган маанилүү мамлекеттик чара болуп саналат. Эмгек акынын жогорулашы окуткан предметине карабастан бардык мугалимдерге бирдей тиешелүү болот.
Агартуу министрлиги мектептеги ар бир мугалим келечек муунду тарбиялоо аркылуу мамлекеттик стратегиялык миссияны аткарат деген негизги принципти карманат»,
— деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *