Министрлер кабинетинин төрагасы Чүй облусундагы “Джунда” мунай заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында ишканада капиталдык оңдоо иштери башталган.

Заводду модернизациялоо быйыл күздө пландалууда. Заводду мурдагы кубаттуулукта ишке киргизүү 2024-жылдын экинчи кварталына болжолдонууда. Иш сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы оңдоо иштеринин жүрүшү, заводдун өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү, нефтини кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүнүн перспективалары менен таанышты.

Акылбек Жапаров тиешелүү түзүмдөргө заводдун потенциалын, жумуш орундарын жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен ишкананы ийгиликтүү ишке киргизүүгө колдоо көрсөтүүнү тапшырды.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *