Кеп 188-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүн, 189-беренесинин 1-бөлүгүн, 192-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү жөнүндө болуп жатат.
Буларда каршы тилкеге чыгуу, кооптуу маневр жасоо жана жолдо бараткандардын өмүрүнө коркунуч келтирүү тууралуу айтылган.
Укук бузуулар жөнүндө кодекске сунушталган өзгөртүүлөрдө протоколдор санарип түрдө түзүлүп, айып пулдарды банктык тиркемелер аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн киргизүү сунушталган.


