Президент ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алды

Президент Садыр Жапаров 17-апрелде Жамааттык кызматташтык жөнүндө келишим уюмунун Башкы катчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчы Кыргызстандын өкүлүнүн уюмдун башкы катчысы кызматына дайындалышы маанилүү окуя экенин белгиледи.

Масадыковго уюмдун ишин чыңдоого, анын кадыр-баркын жана жамааттык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган миссияны ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Таалатбек Масадыков аймактык коопсуздукту чыңдоо үчүн бардык күч-аракеттер жумшалаарын белгиледи.

Уюмга 2025-жылы Кыргызстан төрагалык кылган.

Таалатбек Масадыков Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы болуп 2026-жылдын 1-январынан тарта иштей баштаган.

ЖККУ 1992-жылы негизделген, анын курамында алты өлкө – Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан бар. Армения 2024-жылдан бери бул уюмга мүчөлүгүн токтоткон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *