Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Жашыл шаар” стратегиялык долбоорун илгерилетүү багытында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда шаарды туруктуу өнүктүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана заманбап “жашыл” стандарттарды киргизүү маселелери негизги орунду ээледи. Тараптар долбоордун артыкчылыктарын, каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн жана аны этап-этабы менен ишке ашыруу механизмдерин талкуулашты.
“Жашыл шаар” демилгеси ишке ашкан шартта Ош шаарында коммуналдык инфраструктура жаңыланып, энергия үнөмдөөчү жана экологияга зыянсыз технологиялар кеңири колдонулмакчы. Бул өз кезегинде шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жашоо чөйрөсүн түзүүгө өбөлгө болот.
Мындан тышкары, долбоор эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүгө жана жашыл экономика багытындагы ири инвестицияларды тартууга жол ачат.


