Бишкекте Соттук-медициналык экспертиза борбору үчүн жаңы имарат курулат

Адылбек Касымалиев Бишкектеги Соттук-медициналык экспертиза борбору үчүн жаңы имарат курууну тапшырды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна барып, мекеме үчүн жаңы имарат куруу зарылдыгын билдирди. Ал азыркы имарат менен лабораториялар эскирип, заманбап талаптарга жооп бербей калганын белгиледи.

Жыйынтыгында жаңы имараттын долбоорун кыска мөөнөттө иштеп чыгуу, керектүү жабдуулардын тизмесин түзүү жана каржылык эсептер менен иш графигин даярдоо тапшырылды. Жабдуулардын катарына заманбап муздаткыч орнотмолору жана ДНК-тест жүргүзүүчү лабораториялык комплекстер кириши керек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *