Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде, Ош облусунун Алай районунун активи жана тургундары менен түз диалог өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө калктын күнүмдүк муктаждыктарын жана күтүүлөрүн чагылдырган суроолор айтылды.
Негизги темалар катары жол инфраструктурасын өнүктүрүү, анын ичинде Ош – Эркечтам унаа жолун модернизациялоо жана ички жолдордун абалын жакшыртуу маселелери болду. Тургундар ошондой эле ичүүчү суу менен камсыздоо көйгөйлөрүн чечүү, мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объекттерди куруу жана жаңылоо зарылдыгын белгилешти.
Жергиликтүү тургундар сугат суу менен камсыз кылуу, суу булактарына жеткиликтүүлүк, жол инфраструктурасын өнүктүрүү, анын ичинде стратегиялык маанидеги унаа жолдорун салуу жана бүтүрүү маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле мектептерди, бала бакчаларды жана спорт залдарды куруу зарылдыгы белгиленди. Мындан тышкары, жер тилкелерин берүү, жерлерди трансформациялоо жана аларды адилеттүү бөлүштүрүү маселелери айтылды.
Өзгөчө көңүл укуктук мүнөздөгү кайрылууларга бурулду. Жарандар сот иштерине, прокуратура органдарынын жана кадастр кызматтарынын чечимдерине, ошондой эле кылмыш иштери жана мүлктүк талаштарга байланышкан суроолорду көтөрүштү. Документтерди тариздөө, жарандык алуу, пенсия жана социалдык төлөмдөр боюнча маселелер да айтылды.
Кайрылууларды уккан соң Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана укук коргоо түзүмдөрүнө ар бир маселени мыйзам чегинде ар тараптуу, калыс жана өз убагында кароону, жарандардын укуктарын коргоо боюнча конкреттүү чараларды көрүүнү тапшырды.
Райондун экономикасынын негизги багыттарынан болгон айыл чарба жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү маселелери да көтөрүлдү. Тургундар ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр, адистердин жетишсиздиги маселелерин белгилеп, чакан ГЭСтерди куруу, кайра иштетүүчү өндүрүштөрдү жана ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча сунуштарын беришти.
Жолугушууда табигый ресурстарды пайдалануу, анын ичинде кендерди иштетүү жана лицензия берүү маселелери да каралды. Бул багытта жергиликтүү калктын кызыкчылыктарын жана экологиялык коопсуздукту сактоо зарылдыгына басым жасалды.
Жыйынтыгында Мамлекет башчысы алыскы жана бийик тоолуу аймактарды комплекстүү өнүктүрүү зарылдыгына өзгөчө көңүл буруп, инфраструктуралык долбоорлорду тездетүүнү, калктын жашоо шарттарын жакшыртууну, иш менен камсыз кылуу жана ишкердик үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү тапшырды.


