Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» КР Мыйзамына кол койду.
Ага ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз айыл аймагы, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон айыл аймагы, Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылын Тынчтык айылы, Дүкүр айылын Достук айылы жана Чек айылын Ынтымак айылы, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл аймагынын Комсомольское айылын Кытай айылы, Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагын Кожояр айыл аймагы жана Семеновка айыл аймагынын Семеновка айылын Кожояр-Ата айылы деп өзгөртүп атоо каралган.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *