Коррупцияга аралашса “мекенчил” эмес, ким болсо да жоопко тартылат . Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров кабар агенттиги тарабынан берилген суроого жооп берип жатып билдирди.

Маалым болгондой Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан бейбаштык кылган топ кармалып, шектүү делген алты кишинин сүрөтү жарыяланган. Интернет желесинде кармалгандардын жоон тобу «Мекенчил» партиясынын өкүлдөрү экендиги айтылып, алардын камакка алынышы социалдык тармакта кызуу талкуу жараткан эле.

Өлкө башчы өз сөзүндө чын эле шантаж кылгандар көбөйүп жатканын белиглеп, андайларга «мекенчил» эмес, ким болсо да жоопко тартылат деп айткан.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *