Президент Садыр Жапаров 18-19-апрель күндөрү Казакстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев билдирди. Анын айтымында, визиттин алкагында эки өлкөнүн мамлекет башчылары Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин жыйынын өткөрүшөт. Анда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланат. Андан тышкары, Садыр Жапаров Астанада Кыргыз кино күндөрүнүн ачылышына жана пландалган бир катар иш-чараларга катышат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *