Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо эрежелерин өзгөртүү сунушталууда.
Министрлер кабинетинин долбоору коомдук талкууга чыгарылып, турак жайларда чет өлкөлүктөрдү жайгаштырууга чектөө киргизүүнү камтыйт.
Долбоорго ылайык, бир адамга кеминде 12 чарчы метр аянт туура келиши керек жана жакын туугандардан тышкары жалпы катталгандардын саны 10 адамдан ашпоого тийиш.
Мындан тышкары, каттоону санарип форматка өткөрүү, милдеттүү медициналык камсыздандыруу киргизүү жана чет өлкөлүктөрдүн катталуу, мөөнөтүн узартуу жана жүрүү тартибин тактоо сунушталууда.

