Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода жүгүртүүсү 12 пайызга өстү

2025-жылы Кытайдын Борбор Азия өлкөлөрү менен соода көлөмү 12 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу КЭРдин Соода министрлигине таянып «Синьхуа» агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, Кытай менен аймактагы мамлекеттердин экономикалык жана соода кызматташтыгы олуттуу жылыш көрсөтүп, товар жүгүртүүнүн көлөмү 106,3 миллиард долларга жеткен. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 12 пайызга жогору.

Соода көлөмү тарыхта биринчи жолу 100 миллиард доллардан ашып, акыркы беш жыл катары менен туруктуу оң өсүштү сактап келүүдө. Өткөн жылы Кытай Борбор Азия мамлекеттеринин эң ири соода өнөктөшү катары биринчи орунга чыккан.

Экспорт жылдык эсеп менен 11 пайызга өсүп, 71,2 миллиард долларды түздү. Буга машина куруу, электротехникалык жана жогорку технологиялуу продукциянын өндүрүшүнүн көбөйүшү түрткү болду.

Импорт болсо 14 пайызга өсүп, 35,1 миллиард долларга жеткен. Сооданын өнүгүшүнө чек аралык төлөмдөр боюнча жолго коюлган кызматташтык да маанилүү роль ойноду.

КЭРдин Соода министрлиги мындан ары сооданын түзүмүн оптималдаштырууну, бизнестин жаңы формаларын өнүктүрүүнү жана институттук механизмдерди түзүүгө көмөк көрсөтүүнү пландап жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *