Өзгөн шаарында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Өзгөн шаарында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Эки кабаттан турган жаңы бала бакча заманбап талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалып, 100 орундуу.

Курулуш иштери 2024-жылы жергиликтүү жана республикалык бюджеттин эсебинен башталып, жалпы тендердик баасы 49 миллион сомду түздү.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы Өзгөн районунда жалпы 17 бала бакча, 4 мектеп пайдаланууга берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *