75 адам президент Жапаровго мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү өтүнүчү менен кайрылды

Кыргызстанда 75 коомдук ишмер, экс-депутат, окумуштуу жана мурдагы министрлер Президент Садыр Жапаровго жана ЖК Төрагасына мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу менен коллективдүү кайрылуу жолдошту.

Кайрылууда авторлор 2021–2025-жылдар аралыгында өлкөдө туруктуулук, армия чыңдалып, чек ара маселелери чечилгенин, коррупцияга каршы күрөш күчөгөнүн оң баалашат.

Ошол эле учурда алар мамлекеттик карыздын өсүшүн, кымбатчылыкты, жакырчылыктын көбөйүшүн, өнөр жайдын алсыздыгын жана жаштардын чет өлкөгө агылышын олуттуу көйгөй катары белгилешет.
Негизги талаш — президенттик мөөнөт маселеси. Садыр Жапаров 2021-жылы эски Конституция боюнча 6 жылга шайланган, бирок ошол эле жылы жаңы Конституция кабыл алынып, анда президент 5 жылга шайланып, кайра катыша алары көрсөтүлгөн.

Авторлордун пикиринде, мөөнөтүнөн мурда шайлоо укуктук талаштарды, коомдогу пикир келишпестикти жоёт жана өлкөнүн өнүгүүсүнө жаңы импульс берет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *