Ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу чыгаруу жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилге 1999-жылдан бери өзгөрбөгөн мыйзамдык базаны жаңылоого багытталган.
Долбоордун автору Талант Муратбеков көп аймактарда суу системалары эскиргенин, ал эми учурдагы тарифтер тейлөөчүлөрдүн базалык чыгымдарын да жаппай турганын белгилеп, туруктуу экономикалык модел керек экенин айтты.
Документте ыйгарым укуктар так бөлүнүп, ичүүчү суунун жана канализация кызматтарынын сапатына катуу талаптар коюлат, тармакка туташуу жана эсептегич орнотуу тартиби милдеттендирилет, ошондой эле келишимдик мамилелер кеңири жөнгө салынат.

