Эртең Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн алгачкы 360 кыргызстандык Мекенге кайтат

Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) жүргөн алгачкы 360 кыргызстандык 5-мартка караган түнү жана ошол эле күнү эртең менен Оман аркылуу эки репатриациялык каттам менен мекенине кайтарылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди.

Анын айтымында, эвакуациялоодо биринчи кезекте аялдар, балдар жана улгайган жарандар чыгарылат. Учурда дипломатиялык өкүлчүлүктөр жарандарды чогултуп, аларды автобус менен жөнөтүү пункттарына жеткирүү иштерин уюштурууда.

Маалыматка ылайык, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жалпысынан 22 миңге жакын кыргызстандык бар. Алардын ичинен эң татаал кырдаал БАЭде түзүлгөн.

Эмираттарда болжол менен 10 миң кыргызстандык жашайт. Азыркы учурда алардын 1 200ү эвакуациялоону суранган. Калгандары туруктуу жашоочулар болуп эсептелет — алар ал жакта иштеп, жашап келишет.

Жарандарды алып чыгууда кыйынчылыктар аймактагы бир катар өлкөлөрдүн аба мейкиндигин жабышына байланыштуу жаралды. Маалыматка караганда, Бахрейн, Катар, Сауд Арабиясы, БАЭ, Кувейт жана Иран учуулар үчүн асманын жапкан. Оман менен Сирияда жарым-жартылай чектөөлөр киргизилген.

Учурда кырдаал көзөмөлдө, жарандарды коопсуз кайтаруу иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *