Айымдардын майрамына карата 4 млн даана гүл алып келинди

Айымдардын майрамын утурлай чет жактан Кыргызстанга 4 млн даана гүл алып келинди. Бул тууралуу Бажы кызматы расмий маалымдады.

Гүлдөрдүн басымдуу бөлүгү Кения, Кытай, Эквадор, Нидерланд жана Колумбиядан импорттолгон.

Кыргызстандыктар чет жактан көбүнчө роза, гвоздика, орхидея, хризантема жана лилия сатып алышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *