Чүй облусунда корей салатын жасаган “Айджен Компани” ЖЧКсы компаниясы жакында Кытайдан заманбап техникаларды алып келишти.
Бул компания күнүнө 4 тоннага чейин капустаны кайра иштетүүгө жетишет.
Аталган компаниядан чыккан продукция Кргызстандынын базарларынан сырткары Казакстан жана Өзбекстанга экспорттолот.
Бул компания өздөрүнүн аянты 9 гектарды ээлеген күнөсканасында керектүү сырьёну өндүрөт. Компания 10 жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келсе, учурда 12 киши эмгектенип, 1,5 тонна даяр салат жасалат. Ал эми даяр продукцияны сактоо мөөнөтү 40 күндү түзөт.






