Министрлер Кабинети күйүүчү майга салыктарды сентябрдын аягына чейин төмөндөтүүнү сунуштоодо

Экономика жана коммерция министрлиги күйүүчү-майлоочу майларга салыктык жүктөмдү убактылуу төмөндөтүү боюнча токтом долбоорун иштеп чыкты.

Документ кабыл алынса, ал 2026-жылдын 30-сентябрына чейин колдонулат.

Дизель майы үчүн максималдуу жеңилдиктер сунушталууда: КНСти 0%га чейин, акциз салыгын да тоннасына 0 сомго чейин түшүрүү каралган.

АИ-92 бензини үчүн КНСти 8%га, акцизди тоннасына 5 000 сомдон 3 000 сомго чейин төмөндөтүү сунушталууда. Ошондой эле мунай продуктуларын бензовоздор менен алып кирүүгө коюлган тыюуну убактылуу токтотуу каралган. Максат — күйүүчү майдын баасын турукташтыруу жана тартыштыкка жол бербөө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *