Улуттук госпиталда катаракта боюнча акысыз операциялар өткөрүлөт

2026-жылдын 18-27-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук Госпиталда Кытай Эл Республикасынын офтальмолог-дарыгерлери «Экспресс-ден соолук — жаркын саякат» эл аралык долбоорунун алкагында бейтаптарды акысыз текшерүүдөн өткөрүп, катаракта боюнча операцияларды жүргүзүшөт.

Долбоордун алкагында катаракта диагнозу коюлган бейтаптарга 300 операция жасоо пландалууда. Операциялар амбулатордук негизде жүргүзүлөт.
Бейтаптарды каттоо 2026-жылдын 12-майынан 18-майына чейин жүргүзүлөт.
Каттоо убактысы: иш күндөрү саат 09:00дөн 16:00гө чейин.
Байланыш телефону: 0 (555) 025-171
Дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 1
Катталуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
• жашаган жери боюнча Үй бүлөлүк медицина барборунан офтальмолог-дарыгердин жолдомосу;
• көкүрөк органдарынын рентгенографиясы;
• ЭКГ;
• кандын жалпы анализи, кандагы канттын анализи, зааранын жалпы анализи;
• В жана С гепатиттеринин маркерлери;
• 64 жашка чейинки бейтаптар үчүн RW анализи;
• өздүгүн тастыктаган документтер жана бар болгон күбөлүктөр (пенсиялык, майыптык, “Баатыр эне” жана башка)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *