Министрлер кабинети Бишкекти 2050-жылга чейин өнүктүрүүнүн жаңы Башкы планын бекитти.
Документке ылайык, борбор калаанын калкы 1,92 млн адамга чейин өсүшү мүмкүн, ошондуктан шаар коңшу калктуу конуштар менен агломерация принцибинде өнүгөт. Бишкек IT, креативдүү экономика, медицина, туризм жана жогорку технологиялык бизнеске басым жасайт.
Шаар жогору карай өсөт: жеке сектордун үлүшү кыскарып, негизги курулуш көп кабаттуу үйлөргө багытталат. Пландарда жаңы мектептер, бала бакчалар, поликлиникалар, тез жардам станциялары, трамвай линиялары, метробустар, айланма жолдор, чет жактардагы үч автобекет, жаңы жашыл аймактар жана ичүүчү сууну сугатка колдонбоо чаралары бар.
Кабмин Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын бекитти


