Кыргызстан бала бакчаларга жана мектепке чейинки билим берүүнү реформалоого $6,36 млн тартат

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитети «Келечек үчүн билим берүү» долбоорун кошумча каржылоо боюнча Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен түзүлгөн макулдашууларды ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Кеп $6,36 млн тууралуу болуп жатат, анын $4,36 млн насыя, дагы $2 млн грант түрүндө берилет.

Каражат мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө жумшалат: 9 имаратты бала бакчага ылайыктап оңдоо жана жабдуу, иштеп жаткан бала бакчаларда кошумча тайпаларды ачуу, ваучердик система менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн пилоттук долбоорун ишке киргизүү, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү кызматкерлерин жана ишкер аялдарды окутуу каралган. Насыя 50 жылдык мөөнөткө, 10 жылдык жеңилдетилген мезгил менен берилет, пайыздык чен жана тейлөө акысы 0%ды түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *