Бүгүн, 12-майда, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти болуп шайланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
11-майда биримдиктин Аткаруучу комитети Касымалиевдин талапкерлигин КФБ президенти кызматына расмий түрдө көрсөткөн. Буга чейин футбол биримдигин УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев жетектеп келген.
Ал 15-апрелдеги конгрессте ата мекендик футболду токтоп калган абалдан чыгаруу боюнча милдеттерин аткарганын айтып, кызматтан кетерин жарыялаган.
Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти болду


