Кыргызстанда керээз боюнча мурас алууну жеңилдетүү сунушталды

Кыргызстанда керээз боюнча мурас алууну жөнөкөйлөтүүгө багытталган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Демилгени бир катар депутаттар көтөргөн.

Документке ылайык, керээзде көрсөтүлгөн жарандар маркумдун жакын тууганы болбосо да, анын өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн ала алышат.

Азыркы мыйзам боюнча мындай документ негизинен жакын туугандарга гана берилет. Мындан улам керээз боюнча мураскер болгон, бирок туугандык байланышы жок адамдар нотариуска керектүү документтерди тапшыра албай, мурас ишин ачууда кыйынчылыкка туш болушууда.

Мыйзам долбоорунун авторлору бул жагдай мураскерлердин гана эмес, өз мүлкүн каалаган адамга калтырууга укуктуу керээз ээсинин да укугун чектей турганын белгилешет.

Сунушталган өзгөртүүгө ылайык, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн керээзди көрсөткөн адамдарга өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн алуу укугу берилет.

Мыйзам кабыл алынса, мурас алуудагы бюрократиялык тоскоолдуктар азайып, жарандардын менчик жана мурастык укуктары жакшыраак корголору күтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *